Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

Эмне үчүн жана качан АИВге тест тапшырышым керек?

АИВге кандай тесттер бар?

АИВге тестирлөө иммуноферменттик анализдин (ИФА) жардамы менен венадан кан алып жасалышы мүмкүн. Мындай анализдин жыйынтыгын 1-3 күндүн ичинде алууга болот;

Ошондой эле АИВге тестти экспресс ыкма менен – капиллярдан кан тапшырып, мындан тышкары шилекей аркылуу да текшерсе болот. Ыкчам-тесттин жыйынтыгын 20-40 мүнөттөн кийин алууга болот (өндүрүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык);

Жакында Кыргыз Республикасынын дарыканаларында шилекей аркылуу АИВди өз алдынча текшерүү үчүн ыкчам-тесттер сатыла баштайт.

Эгерде АИВге тесттин жыйынтыгы оң болуп чыкса, анда аны «КИЖС» борборлорунун лабораториясында милдеттүү түрдө тастыктоо зарыл.

Тестти кайда тапшырсам болот?

АИВге канды саламаттык сактоо уюмдарында («КИЖС» борборлорунда, ҮМБларда, стационарларда) тапшырууга болот, ал эми изилдөө «КИЖС» борборлорунда жана аймактык ооруканалардын базасында жайгашкан АИВ диагностикалык лабораторияларында жүргүзүлөт. АИВ инфекциясын диагностикалоо боюнча бардык лабораториялар керектүү жабдуулар менен жабдылган жана изилдөөлөрдүн сапатына кепилдик берген тышкы сапатты баалоонун Улуттук программасына катышат. Сиз ошондой эле төмөнкү жерлерден АИВге ыкчам тесттен өтө аласыз:

  • АИВге каршы кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдардын базасында;
  • Метадон берүү пункттарында, ийнелерди алмаштыруу пункттарында;
  • Көчмө мобилдик пункттарда;
  • Базарларда, соода борборлорунда өткөрүлгөн акциялар маалында.

Ошондой эле жакында дарыканаларда шилекей аркылуу АИВди өз алдынча текшерүү үчүн ыкчам-тесттер сатыла баштайт.

АИВге тест тапшырууда тестке чейин жана андан кийин консультация берилет. Консультация маалында АИВ илдети, аны жуктуруп алуу жолдору жана алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берилет, адистер бейтапты АИВ диагнозуна психологиялык жактан даярдайт, бейтаптын медициналык кызматкерлер менен тил табышуусуна жардам берет жана АИВ диагнозу тастыкталбаган учурда да илдетти жуктуруп алуу ыктымалдуулугу, андан ары жайылтуу тобокелдиги тууралуу билип алуу зарыл болот.

Эгерде АИВге тапшырган тестим оң чыкса, эмне кылышым керек?

Ушул тапта натыйжалуу антиретровирустук дары-дармектер жеткиликтүү, алардын жардамы менен АИВге чалдыккан адам узак жана дени сак өмүр сүрө алат. АИВге чалдыккандар жашаган жери боюнча «КИЖС» борборлорунан же ҮМБдан бардык керектүү жардамды ала алышат.

АИВге тапшырган тесттин жыйынтыгы терс чыкса, бул эмнени билдирет?

Тесттин терс жыйынтыгы анализ тапшырып жаткан маалда канда АИВге каршы антителолор табылган жок дегенди билдирет. АИВди жуктуруп алуу ыктымалдуулугу тууралуу маалыматтарды алып, илдетти жуктуруп алуу коркунучу бар кырдаалдардан алыс болуңуз.

Бирок, эгерде адам АИВге тест тапшырып жаткан маалда “терезе” мезгилинде болсо, анда тестти 2-4 жумадан кийин кайталап тапшыруу сунушталат, ал эми кайра тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча, АИВди башка адамга жугузуп алышы ыктымал болгон жагдайлардан качышы керек.

Көрсөтүлгөн кызматтын түрлөрү боюнча толук маалымат алуу үчүн “Байланыштар”, “Биз тууралуу” бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн уюмдарга түз кайрылыңыз.

«КИЖС» борборлору АИВге тестирлөө маселелери боюнча кандай иш-чараларды жүргүзүшөт?

  • АИВ илдетин лабораториялык жол менен текшерүү маселелери боюнча иш-чараларды координациялайт, анын ичинде өнөктөштөр – мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен кызматташат;
  • АИВ илдетин аныктоо боюнча лабораториялардын ишин өркүндөтөт, анын ичинде сапатка ички жана тышкы баалоо жүргүзөт;
  • Лабораториялык изилдөө маселелери боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзөт;
  • Саламаттык сактоо уюмдары үчүн лабораториялык изилдөө маселелери боюнча практикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
  • АИВ инфекциясы боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн электрондук дайындар базасын жүргүзөт;
  • Ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгат;
  • Диагностикалык тест системаларын жана башка медициналык багыттагы буюмдарды сатып алат;
  • Өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча жылдык отчет тапшырат.
  • Жалпы калкка кызмат көрсөтөт;
  • АИВге ИФА (иммуноферменттик анализ);
  • АИВге ыкчам тестирлөө;
  • В, С вирустук гепатиттерине, сифилиске тестирлөө (ИФА, ПЦР).
  • АИВ менен ооруган адамдар үчүн (бардык анализдер АКЫСЫЗ):
  • АИВге ПЦР-тест (сандык, сапаттык);
  • CD4 лимфоциттеринин санын текшерет;
  • АИВ илдетин жуктуруп алуунун узактыгына тест жүргүзөт;
  • АИВдин антиретровирустук препараттарга туруктуулугун аныктайт;
  • Негизги биохимиялык жана клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Жалпы калк үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн түрлөрү жана алардын наркы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн “Анализдер жана баалар” бөлүмүн караңыз.

Тестирлөө үчүн керектүү документтердин тизмеси:

– Паспорт;

18 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

Аскердик билет же аскер кызматкеринин күбөлүгү;

Паспорт жок болгон учурда Ички иштер министрлигинин №1 формасы;

Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү

Кыргыз Республикасынын жарандарынын төмөнкү категориялары жыйынтыкты ырастоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алышат:

14 жашка толо элек балдар;

Кыргыз Республикасынын пенсионерлери жана аларга теңештирилген адамдар;

Кош бойлуу аялдар

 

Бөлүмдүн иш графиги:

Күн сайын саат 8.30дан 12.00гө чейин – кан алынат.

Жыйынтыктар кийинки иш күнү саат 14.00дөн 16.00гө чейин берилет.

Дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби.