АИВди толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок, натыйжалуу дарылоо бар (антиретровирустук терапия – АРТ). Дарылоону өз убагында баштаса, АИВ менен ооруган адам сапаты жана жашоо узактыгы илдетти жуктурбаган адамдардай эле өмүр сүрөт алат.
Антиретровирустук дарылар вирустун көбөйүшүн токтотуп, ошону менен организмдин ичинде жайылышына тоскоол болот. Антиретровирустук терапия АИВ илдетин айыктырбаса да, кандагы АИВдин санын азайтып, CD4 клеткаларынын санын көбөйтүү менен АИВ менен ооруган адамдарга узак, дени сак жана үзүрлүү жашоону камсыз кылат. Антиретровирустук дарыларды медициналык кызматкердин гана көрсөтмөсү боюнча ичиш керек.
Антиретровирустук дарыларды күн сайын ичиш керек.
Биздин өлкөдө антиретровирустук терапия акысыз берилет.
Балдар үчүн дары-дармектер каралган – алар таблетка, гранулдар, суспензиялар жана эритмелер түрүндө болот.
Бардык антиретровирустук дары-дармектер коопсуздуктун жана натыйжалуулуктун эл аралык талаптарына жооп берет.
Тенофофир, ламивудин жана долутегравирди (ТЛД) камтыган схема эң кеңири таралган дарылоо болуп саналат. Бул схема АИВге чалдыккандардын жана өспүрүмдөрдүн көбүнө ылайыктуу. Схема натыйжалуу, башка дарылар менен жакшы айкалышат жана узак мөөнөттүү колдонуу үчүн коопсуз.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иммундук жетишсиздиктин даражасына, адамдын жынысына, жаш курагына жана башка факторлорго карабастан, АИВ илдети аныкталгандан кийин мүмкүн болушунча чукул арада антиретровирустук терапияны баштоону сунуштайт. Бул сунуш биздин өлкөдө да жарактуу. Бирок, кээ бир учурларда антиретровирустук терапия кыска убакытка кечиктирилиши мүмкүн. Дарылоону баштоо убактысын дарыгер аныктайт.
АИВ илдети жана АРТ маселелери боюнча керектүү окуудан өткөн дарыгерлер антиретровирустук терапияны дайындай алышат. Алар:
Дарылоо режими тууралуу бардык суроолор дарыгер менен макулдашылууга тийиш.
АИВге чалдыккан адамдар антиретровирустук терапиядан тышкары кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө муктаж:
Бул кызматтардын көбү АИВге чалдыккандар үчүн акысыз көрсөтүлөт жана «КИЖС» борборлорунда, ҮМБда, АИВге каршы кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдарда жеткиликтүү. Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча толук маалымат алуу үчүн “Байланыштар” жана “Биз тууралуу” бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн уюмдарга кайрылыңыз.
«КИЖС» борборлору АИВди дарылоо боюнча кандай иштерди аткарышат?
Көрсөтүлгөн кызматтын түрлөрү боюнча толук маалымат алуу үчүн “Байланыштар”, “Биз тууралуу” бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн уюмдарга түз кайрылыңыз.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору – өлкөдө АИВ илдетин аныктоо, дарылоо жана анын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын толук комплексин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм