Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрлигинин Республикалык РКЖВГжАИВК борбору – өлкөдө АИВ илдетин аныктоо, дарылоо жана анын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын толук комплексин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм.

Кыргыз Республикасында АИВдин алгачкы учурлары 30 жыл мурун катталган. Андан бери АИВ илдетинин дээрлик 11 миң учуру аныкталган, АИВ менен ооруган 2000ден ашуун көз жумду, анын ичинде 700дөн ашыгы каза болгон.

РКЖВГжАИВКБнун каршы күрөшүү кызматы 1989-жылы түзүлүп, ошондон бери улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде эл аралык тажрыйбаны киргизип, адаптациялоодо, өнөктөштүк мамилелерди түптөп, АИВди дарылоо жана алдын алуу боюнча программалардын ишмердигин координациялайт. Бул иштер илдеттин жайылышын токтотуп, РКЖВГжАИВК эпидемиясын биротоло токтотуу максатын көздөйт.

30 жыл бою РКЖВГжАИВКБна каршы күрөшүү кызматы маалыматтарды чогултуп, өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абалга талдоо жүргүзүп келет. Алынган маалыматтын негизинде АИВдин алдын алуунун жана дарылоонун акылга сыярлык жана заманбап чаралары иштелип чыгууда.

Бейтаптар менен иштөөдө биздин мамилебиз адам укуктарына, сый-урматка жана стигма менен басмырлоону болтурбоого негизделген. Жынысына, маданий, экономикалык, саясий, социалдык, гендердик айырмачылыктарга карабастан анонимдүүлүктү, купуялуулукту кепилдөө, бейтаптын макулдугу – уюмдун ишиндеги принциптер болуп саналат.

РКЖВГжАИВКБ кызматы улуттук деңгээлде АИВге каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырат, мыйзамдык базаны түзөт, адамдык жана техникалык потенциалды мобилизациялайт, жарандык коомдун лидерлери, мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу диалогго көмөктөшөт.