Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

АИВди айыктырса болобу?

АИВди толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок, натыйжалуу дарылоо бар (антиретровирустук терапия – АРТ). Дарылоону өз убагында баштаса, АИВ менен ооруган адам сапаты жана жашоо узактыгы илдетти жуктурбаган адамдардай эле өмүр сүрөт алат.

Антиретровирустук дарылар кантип иштейт?

Антиретровирустук дарылар вирустун көбөйүшүн токтотуп, ошону менен организмдин ичинде жайылышына тоскоол болот. Антиретровирустук терапия АИВ илдетин айыктырбаса да, кандагы АИВдин санын азайтып, CD4 клеткаларынын санын көбөйтүү менен АИВ менен ооруган адамдарга узак, дени сак жана үзүрлүү жашоону камсыз кылат. Антиретровирустук дарыларды медициналык кызматкердин гана көрсөтмөсү боюнча ичиш керек.

Биздин өлкөдө кандай дарылоо жеткиликтүү?

Антиретровирустук дарыларды күн сайын ичиш керек.

Биздин өлкөдө антиретровирустук терапия акысыз берилет.

Балдар үчүн дары-дармектер каралган – алар таблетка, гранулдар, суспензиялар жана эритмелер түрүндө болот.

Бардык антиретровирустук дары-дармектер коопсуздуктун жана натыйжалуулуктун эл аралык талаптарына жооп берет.

Тенофофир, ламивудин жана долутегравирди (ТЛД) камтыган схема эң кеңири таралган дарылоо болуп саналат. Бул схема АИВге чалдыккандардын жана өспүрүмдөрдүн көбүнө ылайыктуу. Схема натыйжалуу, башка дарылар менен жакшы айкалышат жана узак мөөнөттүү колдонуу үчүн коопсуз.

Дарылоону качан баштоо керек?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иммундук жетишсиздиктин даражасына, адамдын жынысына, жаш курагына жана башка факторлорго карабастан, АИВ илдети аныкталгандан кийин мүмкүн болушунча чукул арада антиретровирустук терапияны баштоону сунуштайт. Бул сунуш биздин өлкөдө да жарактуу. Бирок, кээ бир учурларда антиретровирустук терапия кыска убакытка кечиктирилиши мүмкүн. Дарылоону баштоо убактысын дарыгер аныктайт.

Антиретровирустук терапияны ким дайындайт?

АИВ илдети жана АРТ маселелери боюнча керектүү окуудан өткөн  дарыгерлер антиретровирустук терапияны дайындай алышат. Алар:

  • КИЖС – Республикалык «КИЖС» борборунун, облустук жана Бишкек шаардык КИЖС борборлорунун дарыгерлери;
  • Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) дарыгерлери.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына тиешелүү мекемелердин медициналык бөлүмдөрүнүн дарыгерлери.

Антиретровирустук терапияны кантип алыш керек?

  • Дарыларды күн сайын, бирдей маалда ичиш керек.
  • Антиретровирустук терапия – өмүр бою созулган дарылоо.
  • Дарылоо тартибин сактоо – бул дарыларды дарыгер белгилеген дозада жана убакытта ичүү дегенди билдирет.
  • Дарыланып жаткан маалда аны убактылуу токтото турууга болбойт, себеби АИВ дары-дармектерге туруктуу болуп, дарылоо пайда бербей калат.

Дарылоо режими тууралуу бардык суроолор дарыгер менен макулдашылууга тийиш.

Дарылоо жардам берип-бербегенин кандай анализдер текшере алат?

  • Вирустук жүк (ВЖ) – 1 миллилитр кандагы АИВдин көчүрмөлөрүнүн саны (көчүрмө/мл).
  • Бул көрсөткүч АРТнын натыйжалуулугун тагыраак чагылдырат.
  • АРТнын максаты – ВЖны бир миллилитрге 1000 көчүрмөдөн азыраак деңгээлге чейин түшүрүү.
  • Вирустук жүк АРТ башталгандан 6-12 айдан кийин бир миллилитрге 1000 көчүрмөдөн азыраак деңгээлге чейин түшөт. Эгерде мындай болбосо, анда бейтап бул көрүнүштүн себебин дарыгер менен сөзсүз талкуулашы керек.

Антиретровирустук терапиянын терс таасирлери барбы?

  • Узак мөөнөттүү медикаментоздук дарылоонун башка түрлөрү сыяктуу эле, антиретровирустук терапия да айрым терс таасирлерди пайда кылышы мүмкүн.
  • Заманбап дарылоо схемаларынын (мисалы, ТЛД) терс таасири салыштырмалуу азыраак болот.
  • Терс таасирди өз убагында аныктап, аны жоюу үчүн дарыгерге өз убагында кайрылып, анын сунуштарын аткаруу өтө маанилүү.

АИВ менен ооруган адамдарга дагы кандай дарылоо жана колдоо керек?

АИВге чалдыккан адамдар антиретровирустук терапиядан тышкары кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө муктаж:

  • Дарыгерге үзгүлтүксүз барып туруу.
  • Оппортунисттик инфекцияларды дарылоо жана медикаментоздук профилактика (АИВден улам келип чыккан иммундук жетишсиздик менен байланышкан илдеттер).
  • Консультация жана психологиялык колдоо.
  • Эмдөө, анын ичинде В гепатитине каршы эмдөө.
  • Лабораториялык изилдөө – CD4 лимфоциттеринин саны, толук кан анализи, зааранын жалпы анализи, бөйрөктүн жана боордун иштөө көрсөткүчтөрү, В жана С вирустук гепатитине текшерүү, глюкоза менен липиддердин деңгээлин билүү.
  • Аспаптык изилдөө, мисалы, УЗИ же рентгенографиялык изилдөө.
  • Укуктук жардам, анын ичинде стигмага жана басмырлоого кабылган учурда жардам.
  • Социалдык колдоо.
  • АИВге байланышпаган ооруларды дарылоо;
  • Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык кызмат көрсөтүүлөр (ҮМБнын, стационарлардын базасында).

Бул кызматтардын көбү АИВге чалдыккандар үчүн акысыз көрсөтүлөт жана «КИЖС» борборлорунда, ҮМБда, АИВге каршы кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдарда жеткиликтүү. Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча толук маалымат алуу үчүн “Байланыштар” жана “Биз тууралуу” бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн уюмдарга кайрылыңыз.

«КИЖС» борборлору АИВди дарылоо боюнча кандай иштерди аткарышат?

  • АИВ илдетин дарылоо маселелери боюнча иш-чараларды координациялайт, анын ичинде өнөктөштөр – мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташат;
  • Дарылоо маселелери боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзөт
  • Саламаттык сактоо уюмдарына практикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
  • Электрондук дайындар базасын жүргүзөт;
  • Ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгат;
  • Антиретровирустук дарыларды, оппортунисттик инфекцияларды дарылоо үчүн дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алат;
  • АИВ менен ооруган адамдарга медициналык текшерүү жүргүзөт (акысыз):
    • Дарыгерлер карайт;
    • Бейтаптарга АИВди дарылоо, жыныстык-репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча консультация берүү;
    • АРТ дайындоо;
    • Лабораториялык байкоо – вирустук жүк, CD4 лимфоциттеринин саны, негизги клиникалык жана биохимиялык изилдөөлөр;
    • АИВдин антиретровирустук дарыларга туруктуулугун текшерүү;
    • АИВ менен ооруган адамдар үчүн атайын лабораториялык изилдөөнүн башка түрлөрү;
    • Оппортунисттик ооруларды дарылоо жана алдын алуу;
    • Антиретровирустук дарыларды, оппортунисттик инфекцияларды дарылоо үчүн дары-дармектерди берүү;
    • АИВ илдетинин байланышка чейинки жана андан кийинки профилактикасы;
    • АИВдин энеден балага өтүшүнүн алдын алуу;
    • С вирустук гепатитин дарылоо;
    • В вирустук гепатитине каршы эмдөө;
    • Аткарылган иштер боюнча жылдык отчет тапшырат.

Көрсөтүлгөн кызматтын түрлөрү боюнча толук маалымат алуу үчүн “Байланыштар”, “Биз тууралуу” бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн уюмдарга түз кайрылыңыз.