Биз жөнүндө
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит (ГВГ) жана ВИЧ маселелери боюнча медициналык кызмат көрсөтүү кызматын Кан аркылуу жуккан вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбор (РКЖВГЖАИВКБ), 7 аймактык (ГВГ) жана ВИЧ борборлору, Бишкек шаарынын 1 шаардык борбору көрсөтөт.
ВИЧке, ГВГга инструменталдык текшерүү жүргүзүү үчүн бардык аймактарда диагностикалык лабораториялар (33), анын ичинен 7 областтык борборлордо, 24 райондук/шаардык лабораториялар аймактык ооруканаларда, 3 республикалык медициналык уюмдарда иштейт.
ВИЧ-инфекция, ГВГ боюнча медициналык жардамдын географиялык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында байкоо жүргүзүү жана дарылоо үчүн сиз кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана ВИЧке каршы күрөшүү борборлорунда жана республиканын бардык аймактарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарыланууга жазылууга жана дары-дармектерди алууга болот.