Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

Жаңы дары-дармектер СПИДди жок кылууга жардам берет, бирок баасынын кымбаттыгынан жана монополиядан улам алар калктын жакыр катмарына оңой жетпечүдөй

Макаланын авторлору: Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД (ЮНЭЙДС) боюнча бириккен программасынын аткаруучу директорунун орун басарлары Мэтью Кавана жана Имонн Мерфи.

Жакшы жаңылыктар бар: рынокко ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо үчүн революциялык жаңы дары чыкты, ал “узак мөөнөткө таасир этүүчү” дарылар катары белгилүү, себеби аларды күн сайын эмес, бир нече айда бир жолу ичүүгө болот. Дарыны өндүрүү иши жолго салынып, кеңири масштабда жеткиликтүү болуп калса, алар көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жана СПИДдин пандемиясын токтотууга жардам бера алат.

Бирок жаман кабар дагы бар: азыркыдай шарттарда бул дарыларга муктаж болгон адамдардын көбү аны жакынкы келечекте ала алышпайт. Буга дарынын кымбаттыгы жана монополия себепчи, кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөрдө адамдардын бул дарыга жеткиликтүүлүгү чектелүү болот. Мындай көрүнүш буга чейин да болгон, эми да кайрадан кайталанууда…     

ЮНЭЙДС дүйнөдөгү алдыңкы окумуштуулардын жана изилдөөчүлөрдүн пикирин сурап чыкты. Алар ВИЧ-инфекциясын алдын алган, таасири узак мөөнөткө созулган дары мурунтан эле бар экенин белгилешет — бир нече айда бир жолу сайылган бул дары илдетти жуктуруп алуудан абдан натыйжалуу коргойт. Дары АКШда жактырылган жана учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) кароосунда турат.

Мындан тышкары, жакынкы келечекте ВИЧти дарылоо үчүн таасири узакка созулчу жаңы дарылар пайда болот, алар азыр өмүр бою жана күн сайын ВИЧ-инфекциясына каршы дары-дармектерди ичкен адамдардын жашоосун бир кыйла жеңилдетмек.

Таасири узакка созулчу байланышка чейинки профилактика (БЧП) өңдүү ВИЧтин алдын алуунун жаңы каражаттары көп жылдардан бери токтобой келе жаткан пандемия менен күрөштө өзгөчө зарыл. 2020-жылы дүйнө өлкөлөрү илдетти жаңы жуктуруп алгандардын санын 500 000ден аз деңгээлге түшүрөбүз деп өз алдына максат койгондо, иш жүзүндө ВИЧти жуктургандардын саны 1,5 миллион болгон; көптөгөн топтордо жана жамааттарда жаңы ВИЧти жуктургандардын саны көбөйүүдө.

Таасири узакка созулчу байланышка чейинки профилактиканы (БЧП) ийне аркылуу алуу дүйнө жүзү боюнча ВИЧти жуктуруп алуунун жогорку тобокелдигинде калгандарга жардам берип жатат. БЧПны ийне менен алуу жашоосу, тапкан кирешеси жана укуктук шарттары оозго салып ичкен дарыга жете албагандарга өзгөчө жардам берүүдө.

Бул тизмеге басмырлоого туш болгон адамдар кирет, анын ичинде Африкада, Азияда, Латын Америкасында, Кариб деңизинде, ошондой эле Чыгыш Европада гейлер, трансгендерлер, секс-кызматкерлер жана баңги заттарды колдонгондор бар. Жаш африкалык келиндер ушул эле жаш курактагы эркектерге караганда ВИЧтин алдын алуунун жаңы варианттарына муктаж болуп турушат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көп адамдар таасири узакка созулган дарыга муктаж. Чынында эле, дүйнө жүзү боюнча болжол менен 74 миллион адам кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн таасири узакка созулган инъекцияларды колдонушат. Ретровирустар жана оппортунисттик инфекциялар (CROI) боюнча конференцияда дыкат жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлдү. Ага ылайык, таасири узакка созулган БЧП дарыларды күн сайын ичкенге караганда жаңы илдеттердин алдын алат.

Эгер ДСУ бул дарыны колдонууга уруксат берсе, аны каалаган масштабда жеткиликтүү кылуу үчүн чукул аракеттерди көрүш керек. Бул илимий жетишкендик дүйнөлүк масштабда чечүүчү болушун кепилдөөнүн эң мыкты ыкмасы – аны колдоном дегендердин баарына акысыз кылуу.

Өткөн жылы БУУга мүчө-мамлекеттер СПИД боюнча жаңы Саясий декларацияны кабыл алышкан. Бул Декларацияда 2025-жылга чейин БЧПны 11 миллион адамга жеткирүү өңдүү дымактуу максат коюлган. Муну мүмкүн кылуу үчүн мамлекеттер жана институттар БЧПны өздөрү үчүн жеткиликтүү баада сатып алышы керек.

Таасири узак мөөнөттүү БЧП азыр АКШда он миңдеген доллар турат. Бирок ЮНЭЙДСтин Илимий-техникалык консультациялык комитетинин (STAC) мүчөлөрү бул дарыны жеткиликтүү баада – бир нече эсе арзан чыгарууга болот деп эсептешет. Дарыны өндүргөндөр пайданы жоготпой тургандай кылып бааны төмөндөтүүгө болот.

Дарылоо жөнүндө айта турган болсок, илим да тез ыргак менен өнүгүп жатат жана келечектеги технологиялар бул багытта төңкөрүш жасашы мүмкүн. Өткөн жылга карата маалыматтар боюнча, 28,2 миллион адам ВИЧ-инфекциясынан дарыланып жатканы белгилүү болгон, башкача айтканда ВИЧ менен жашаган адамдар бир жылда 10 миллиарддан ашык жолу дары ичишкен.

Бирок дагы 10 миллион адам ВИЧтен дарыланууга муктаж болууда. Эгерде адамдар күчү бир жумага жеткен дарыны иче алса же бир нече ай бою таасирин жоготпогон дарыны ийне менен сайдырып алса, анда көптөгөн адамдар үчүн дарылоону баштоо жана улантуу жеңил болмок. Муну менен адамдардын өмүрүн сактап калып, ВИЧтин башкаларга жугушун токтотуу да оңой болот.

Дарыны масштабдуу жайылтууга коркунуч туудурган негизги структуралык тоскоолдуктардын бири – бул дары-дармектерди саналуу компаниялар чыгаргандыктан монополия орногон. Аз сандагы өлкөлөрдө жайгашкан бул компаниялар бааларды жогору кармап, сунуштарды чектеп турушат. Биз өз тажрыйбабыздан улам мындай тоскоолдукту сырттан жасалган активдүү иш-аракеттер аркылуу гана жеңүүгө болоорун билебиз (алгачкы АРВ-дарыларына да, экинчи муундагы АРВ-дарыларына да, COVID-19га каршы вакцина менен дарыларга байланыштуу да ушундай көрүнүш болгон).

ВИЧти дарылоо биринчи жолу 1990-жылдардын аягында жеткиликтүү болгондо, АРВ-дарыларына монополиядан улам анын баасы жылына бир кишиге 10 000 АКШ долларынан ашкан, бул ВИЧ менен жашаган миллиондогон адамдар үчүн дары таптакыр жеткиликтүү болбойт дегенди билдирген.

Натыйжада 12 миллион африкалык каза болгон. Кирешеси төмөн жана орто өлкөлөр чакырык таштап, атаандаштыкты жаратып, ошондой эле глобалдык жарандык коом Батыш өкмөттөрүнө жана компанияларына басым жасаганда гана СПИД менен күрөшүү үчүн антиретровирустук дарыларды жапырт түрдө колдонууга шарт түзүлгөн.

Бул тажрыйба дүйнөнү өнүгүп жаткан өлкөлөрдө адамдардын өмүрүн сактап калуучу медициналык технологияларга жетүү мүмкүнчүлүгүн эч качан бөгөттөбөөгө алып келди. Бирок ошол эле өзгөчө жана өлүмгө дуушар кылган мамиле COVID-19 кризиси учурунда Африканы жетиштүү сандагы вакциналарга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

Учурда түзүлгөн шарттарда жаңы ВИЧ дарыларына байланыштуу да тарых кайталанышы ыктымал деп кооптонуу бар. Нью-Йоркто же Лондондо пайда болгон жаңы дарылар Манила, Фритаун, Мапуту, Сан-Паулу жана Порт-о-Пренсте өтө муктаж болгондорго жеткенге чейин бир нече жылдар өтүшү мүмкүн.

Илимий билимди реалдуу жыйынтыктарга айландырган альтернативалуу ыкма бар. ВИЧке каршы дары-дармектерди өндүрүүчүлөр кирешеси төмөн жана орто өлкөлөр үчүн жеткиликтүү бааларды орнотсо болот. Узак мөөнөттүү келечекте муну камсыз кылуу үчүн кирешеси төмөн жана орточо өлкөлөрдө жалпы өндүрүштү жолго салуу керек.

Бул үчүн биз монополияны жеңүүгө тийишпиз. Патенттерди бириктирүү жана технологияларды жигердүү өткөрүп берүү Африкада, Азияда жана Латын Америкасында жайгашкан компаниялардын кеңири чөйрөсүнө узак мөөнөткө таасирин тийгизчү АРВ-дарыларын арзан баада чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул стандарттуу практикага айланышы керек жана маалымат алмашуу жөнгө салуучу органдар бекиткенге чейин эле башталса болот.

Албетте, баасы жана өндүрүш жери натыйжалуу пайдалануу үчүн жалгыз тоскоолдук эмес. Товарларды сатып алуу, логистика жана сактоо, дарылоого натыйжалуу үйрөтүү, ошондой эле мындай дарылоонун маанисин сабаттуу түшүндүрүп берүү үчүн жамааттарды тартуу максатында айрым коомдук саламаттык сактоо системалардын глобалдык тилектештиги талап кылынышы мүмкүн. Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасы жана биздин өнөктөштөр ушул багыттардын баарында колдоо көрсөтөт.

COVID-19га каршы күрөштө көрүлгөн чукул чараларга таянып, саламаттык сактоодогу технологияларга жетүүдө теңсиздикти токтотуш керек. Бул үчүн мыкты илимий жетишкендиктерге дем берип, саламаттык сактоо тармагындагы бардык инновацияларга инвестиция жумшап, аларды баары үчүн жеткиликтүү кылуу зарыл.

Бүгүнкү пандемияны токтотуп, келечекте жаңы пандемиялардын алдын алуу үчүн өмүрдү сактап калуучу медициналык технологиялар боюнча билимге монополияны болтурбай, бул билимди дүйнө жүзү боюнча жайылтууга өтүү зарыл. Өмүрдү сактап калуучу илимий жетишкендиктерге жетүү паспортуңуздан же чөнтөгүңүздөгү акчадан көз каранды болбой калышы үчүн, биз бул пандемия учурунда жолтоо болгон интеллектуалдык менчик эрежелерин реформалашыбыз керек.

Бизге компаниялар жана өлкөлөр пандемия жөнүндө билими жана технология менен бөлүшүүсү үчүн өкмөттөр өз ыйгарым укуктарын колдонгону зарыл болуп турат, ошондой эле ДСУ жетекчилиги алдында механизмдерди колдонууга түртүүнүн ыкмаларын табыш керек. Биз инновациялар учүн стимул берүү менен өндүрүшкө монополияны ажырата алгыдай болушубуз керек. Монополиялар сунушту чектейт, баарына эле жеткиликтүү боло бербеген бааларды кармап турат, теңсиздикти күчөтөт жана инновациялардын ишенимсиз кыймылдаткычы болуп саналат, айрыкча жакырчылыкта жашаган адамдарга өлчөмдөш болбогон таасир тийгизип жатат.

Биз бүгүн дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоонун өндүрүштүк потенциалын көбөйтүүгө инвестиция жумшашыбыз керек. Биз бардыгы үчүн медициналык технологияларды иштеп чыгуу максатында техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүү үчүн университеттерге жана башка мамлекеттик илимий-изилдөө мекемелерине инвестиция тартууга артыкчылык берүүгө тийишпиз.

Биз СПИДдин пандемиясын токтото алабыз. COVID-19 пандемиясын да токтотууга алыбыз жетет. Келечектеги пандемияларды да токтотуу мүмкүн. Бирок биз азырынча туура эмес багытта бара жатабыз, себеби биомедициналык жетишкендиктер аларга баарынан көп муктаж болгондорго жетпей жатат. Таасири узакка созулган АРВ-дарылары көп адамдарды ВИЧтен сактап калат. Ал эми ВИЧ менен жашаган жана СПИДден өлүшү мүмкүн болгон адамдар аман калат. Ошондой эле бул дарылар ВИЧти жуктуруп алуу тобокелдиги жогору шарттарда же ВИЧ менен жашаган адамдардын бакубатчылыгына жана кадыр-баркына оң таасирин тийгизе алат.

Пандемия менен күрөштө технологияларга адилеттүү глобалдык жеткиликтүүлүктү рынокту өзүн өзү жөнгө салуунун эсебинен гана камсыз кылуу мүмкүн эмес. Мунун баары саясатка жана практикага көз каранды. Алдыңкы технологиялардын бардыгы бай өлкөлөрдө кеңири жайылып бүткөнгө чейин бул саясаттын үстүнөн иштер күтүп тура албайт, муну азыр тездетүү зарыл.

Жарандык коом тармагынын лидерлери, өзгөчө ВИЧ менен жашаган адамдар жана калктын негизги топторун жетектеген адамдар бизди ВИЧ менен күрөштө жаңы технологияларга глобалдык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн азыртан аракеттенүүгө чакырышууда. Биз муну жасай алабыз жана жасашыбыз керек.

Биргелешип жасалган илимий иштер гана адамдардын өмүрүн сактап, пандемияны токтото алат.