Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

Имараттын бир бурчунда темир тосмого жөлөнүп турган арыкчырай аялдын сөлөкөтү көзүмө илинди. Ийини селт-селт эткенинен улам ыйлап жатканын түшүндүм. Жүзүн жаап алып, баладай ыйлап турган экен. Артынан караганда өспүрүм кыз ыйлап жаткандай көрүнөт.

15 мүнөт мурун мен аны кабыл алган элем. Бул биздин экинчи жолугушуубуз. Биринчи жолу кабыл алганда экөөбүз узакка сүйлөшкөнбүз. ВИЧ өкүм эместигин, бул илдет менен узак өмүр сүрсө болоорун, дени сак бала төрөй алаарын, мындан ары да иштеп, күнүмдүк тиричилик менен алектене алаарын түшүндүргөм. Ошол жолугушууда келин өзүн салмактуу алып отурган. Келин антиретровирустук дарыларды ичип баштоого, мезгил-мезгили менен анализдерди тапшырып, жолугушууга келип турууга макул болгон.

Биринчи жолугушууда ал мага жашоосунун четин чыгарган:

“Жолдошум Орусияда иштейт, ошол жакка кетип калган, бир-эки жолу акча жөнөтүп, төрөткө жакын келем деп убада берген”, - деп айтып эле үйүнө шашкан бойдон кеткен. Келин Бишкектеги жаңы конуштардын биринде апасы менен чогуу турат экен.

Ал эми бүгүнкү жолугушууда жүзүнөн жарык качып, көздөрү муңдуу болгонун байкадым. Курсагын сылап, көзүн ала качып, күйөөсү бир айдан бери чалбай да, акча салбай да калганын айтты. Дары-дармекке акча керек, бирок чөнтөгүндө тыйын да жок. Экөө никесин расмий катташкан эмес. Молдого нике кыйдырып эле чогуу түтүн булатып калышкан. Анан көп өтпөй күйөөсү Орусияга жөнөп кеткен.

Ушинтип талаада калган кыздар канча дейсиңер! Башка өлкөгө кетип, башкага үйлөнүп, унутуп, ортодогу болгон байланыштарды үзүп салышат. Туугандары да ага эч жардам бере алышпайт, себеби өздөрү да өп-чап турмуш өткөрүүдө.

Эми ушуга ВИЧ-илдетин жана кош бойлуулукту кошсоңуз… Келин шаарды көп жакшы билбейт, орусча жакшы сүйлөй албайт. Кош бойлуу болгонго чейин талаада иштечү. Айылында 25 жаштагы кызды кара далыдай эле көрүшөт. Ошол себептен болочок күйөөсүн чала тааныган бойдон турмушка чыгып кеткен.

ВИЧ статусу тууралуу кабарга караганда күйөөсү аны таштап кеткени өзгөчө катуу тийди. Бөтөн шаарда, курсактагы баласы менен жалгыз калды. Келин “СПИД” борборунан  эриндерин тиштеген бойдон, башын бийик көтөрүп чыгып кеткен. Бирок бурчка жеткенде өзүн кармай албай, катуу ыйлап жиберди.

        Арадан убакыт өттү.

Келин көз жарып, төрөттөн кийинки алгачкы айлардагы бардык кыйынчылыктардан өттү. Ал дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так аткарып, АРТны өз маалында ичип, бир да жолугушуудан калбай, дары-дармектерди алганга кечикпей келип, бардык анализдерди өз убагында тапшырып жүрдү.

Келиндин төрөтү кандай болду? Ал операциясыз өзү төрөдү, көз жараарына аз калганда вирустук жүк аныктоого мүмкүн эмес деңгээлге чейин азайып калган. Жаңы төрөлгөн ымыркайы антиретровирустук дарыларды протоколго ылайык толугу менен алды. Бир жарым жылдан кийин кыз ВИЧке кан тапшырган. Анализ терс чыгып, баланын дени сак экени белгилүү болду.

Мына ошондо мен да жеңилдей түшүп, абдан кубандым. Себеби ВИЧ-позитивдүү энеден төрөлгөн, бирок анализинде илдет табылбаган ар бир ымыркай – бул жеңиш. Эненин жеңиши. Биздин команданын жеңиши. Албетте, бул менин да чакан жеке жеңишим. Көптөгөн консультациялардын жыйынтыгы, эң негизгиси антивирустук терапияны сактоонун натыйжасы.

Үч жылдан кийин мен эне-баланы коридордон көрүп калып, араң тааныдым. Бул баягы бурчта ыйлап турган өспүрүм кыз эмес эле.

Бул келиндин жүзү жаркырап, көздөрү жайнап, баскан-турганы тың экен. Саламдашкандан кийин ээрчитип жүргөн толмоч кызды көрсөтүп: “Мына, сиздин кызыңыз, дары алганы келдик. Сизди ордуңузда жок экен деп ойлогом, учурашайын деп келгем”, – деди. Кызы болсо тартынбастан, көзүмө тике карап: “Сиз да менин апамсызбы?”, – деп сурады.

“Сиз да менин апамсызбы?”

Башымды ийкеп, жылмайганга гана үлгүрдүм.