Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

ВИЧке тест деген эмне?

ВИЧ – бул адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу.

ВИЧ – бул адамдын иммундук системасынын клеткаларын жабыркатуучу вирус (негизинен CD4 лимфоциттери – иммундук системанын маанилүү клеткалык компоненттери). ВИЧтен пайда болгон оору ВИЧ илдети деп аталат.

ВИЧ илдети иммундук системанын улам барган сайын чабалдашына алып келет, башкача айтканда, иммундук жетишсиздик пайда болот.

ВИЧ менен ооруган адамдар көптөгөн инфекцияларга, ошондой эле онкологиялык оорулардын кээ бир түрлөрүнө көбүрөөк дуушар болушат. ВИЧ менен ооруган адамдардын оор иммундук жетишсиздиги менен байланышкан оорулары оппортунисттик инфекциялар деп аталат.

ВИЧ илдетинин белгилери кандай?

ВИЧке чалдыккандардын көбү илдетти жуктуруп алганын билишпейт. Кээде илдетти жуктуруп алгандан кийин дароо суук тийгендей же аллергияга окшогон абал (курч ВИЧ инфекциясы) пайда болушу мүмкүн (дене табы жогорулайт, тамак ооруйт, исиркек чыгат, лимфа түйүндөрү шишийт ж.б.). ВИЧти жугузуп алгандан көп өтпөй, оорунун жашыруун мезгили пайда болот, адам өзүн бир нече жыл бою дени сак сезип жүрө берет.

СПИД деген эмне?

СПИД – адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому – бул ВИЧ менен ооруган адамдарда пайда болгон оор симптомдордун жана оорулардын жыйындысы (мисалы, кургак учук, узакка созулган ич өткөк, оор пневмония ж. б.). ВИЧке чалдыккан адам ВИЧти туура дарылабаса СПИД келип чыгат. Башкача айтканда, эгерде ВИЧке чалдыккан адам туура дарыланса, анда СПИД оорусу пайда болбойт. Дарылоо болбосо, көпчүлүк адамдарда СПИДдин белгилери ВИЧти жуктуруп алгандан 8-10 жылдан кийин пайда болот.

ВИЧти кантип жуктуруп алса болот?

ВИЧ корголбогон (презервативди колдонбостон) аналдык же вагиналдык жыныстык катнаш аркылуу, баңгизатты бир эле ийне менен бир нече адам сайганда, медициналык процедуралар, татуаж/пирсинг үчүн стерилденбеген аспаптарды колдонгондо же ВИЧке текшерилбеген канды куйганда, ошондой эле кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизүү учурунда энеден балага жугат.

Биздин өлкөдө ВИЧ жана СПИД боюнча кандай уюмдар иш алып барууда?

Өлкөдөгү ВИЧ илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды координациялаган негизги уюм – Республикалык СПИД борбору.

Ар бир облустук борбордо ВИЧ менен ооруган адамдарга бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүүчү жана облустун деңгээлинде иш-чараларды  координациялаган “СПИД” РБнын түзүмдүк бөлүмдөрү – СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча облустук борборлору бар. ВИЧке чалдыккандар райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) да жардам алышат.

Мындан тышкары, ВИЧке каршы кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдар ВИЧ менен ооруган адамдар үчүн кызмат көрсөтүүгө олуттуу салым кошуп келишет.

Кандай даталуу күндөр ВИЧ же СПИД менен байланышкан?

  • Басмырлоого каршы күрөшүү күнү 1-мартка туура келет. Бул даталуу күн табиятынан универсалдуу мүнөзгө ээ. Бул ВИЧ же ден соолук менен эле чектелбейт, басмырлоого байланышкан көйгөйлөргө көңүл бурат жана мүмкүн болгон жерде ВИЧке жана саламаттык сактоо темасына да назарын бурат.
  • 1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Дүйнө жүзүндөгү адамдар ВИЧ менен жашаган, же ар кандай жол менен ВИЧтен жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн чогулушат.
  • Дүйнөдө жыл сайын майдын үчүнчү жекшембисинде СПИДден каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү белгиленет.