Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

АИВге тест деген эмне?

АИВ – бул адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу.

АИВ – бул адамдын иммундук системасынын клеткаларын жабыркатуучу вирус (негизинен CD4 лимфоциттери – иммундук системанын маанилүү клеткалык компоненттери). АИВден пайда болгон оору АИВ илдети деп аталат.

АИВ илдети иммундук системанын улам барган сайын чабалдашына алып келет, башкача айтканда, иммундук жетишсиздик пайда болот.

АИВ менен ооруган адамдар көптөгөн инфекцияларга, ошондой эле онкологиялык оорулардын кээ бир түрлөрүнө көбүрөөк дуушар болушат. АИВ менен ооруган адамдардын оор иммундук жетишсиздиги менен байланышкан оорулары оппортунисттик инфекциялар деп аталат.

АИВ илдетинин белгилери кандай?

АИВге чалдыккандардын көбү илдетти жуктуруп алганын билишпейт. Кээде илдетти жуктуруп алгандан кийин дароо суук тийгендей же аллергияга окшогон абал (курч АИВ инфекциясы) пайда болушу мүмкүн (дене табы жогорулайт, тамак ооруйт, исиркек чыгат, лимфа түйүндөрү шишийт ж.б.). АИВди жугузуп алгандан көп өтпөй, оорунун жашыруун мезгили пайда болот, адам өзүн бир нече жыл бою дени сак сезип жүрө берет.

КИЖС деген эмне?

КИЖС – адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому – бул АИВ менен ооруган адамдарда пайда болгон оор симптомдордун жана оорулардын жыйындысы (мисалы, кургак учук, узакка созулган ич өткөк, оор пневмония ж. б.). АИВге чалдыккан адам АИВди туура дарылабаса КИЖС келип чыгат. Башкача айтканда, эгерде АИВге чалдыккан адам туура дарыланса, анда КИЖС оорусу пайда болбойт. Дарылоо болбосо, көпчүлүк адамдарда КИЖСтин белгилери АИВди жуктуруп алгандан 8-10 жылдан кийин пайда болот.

АИВди кантип жуктуруп алса болот?

АИВ корголбогон (презервативди колдонбостон) аналдык же вагиналдык жыныстык катнаш аркылуу, баңгизатты бир эле ийне менен бир нече адам сайганда, медициналык процедуралар, татуаж/пирсинг үчүн стерилденбеген аспаптарды колдонгондо же АИВге текшерилбеген канды куйганда, ошондой эле кош бойлуулук, төрөт жана эмчек эмизүү учурунда энеден балага жугат.

Биздин өлкөдө АИВ жана КИЖС боюнча кандай уюмдар иш алып барууда?

Өлкөдөгү АИВ илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды координациялаган негизги уюм – Республикалык «КИЖС» борбору.

Ар бир облустук борбордо АИВ менен ооруган адамдарга бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүүчү жана облустун деңгээлинде иш-чараларды  координациялаган «КИЖС» РБнын түзүмдүк бөлүмдөрү – КИЖС алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча облустук борборлору бар. АИВге чалдыккандар райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) да жардам алышат.

Мындан тышкары, АИВге каршы кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдар АИВ менен ооруган адамдар үчүн кызмат көрсөтүүгө олуттуу салым кошуп келишет.

Кандай даталуу күндөр АИВ же КИЖС менен байланышкан?

  • Басмырлоого каршы күрөшүү күнү 1-мартка туура келет. Бул даталуу күн табиятынан универсалдуу мүнөзгө ээ. Бул АИВ же ден соолук менен эле чектелбейт, басмырлоого байланышкан көйгөйлөргө көңүл бурат жана мүмкүн болгон жерде АИВге жана саламаттык сактоо темасына да назарын бурат.
  • 1-декабрь – КИЖС каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Дүйнө жүзүндөгү адамдар АИВ менен жашаган, же ар кандай жол менен АИВден жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн чогулушат.
  • Дүйнөдө жыл сайын майдын үчүнчү жекшембисинде КИЖСден каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү белгиленет.