АИВге тестирлөө иммуноферменттик анализдин (ИФА) жардамы менен венадан кан алып жасалышы мүмкүн. Мындай анализдин жыйынтыгын 1-3 күндүн ичинде алууга болот;
Ошондой эле АИВге тестти экспресс ыкма менен – капиллярдан кан тапшырып, мындан тышкары шилекей аркылуу да текшерсе болот. Ыкчам-тесттин жыйынтыгын 20-40 мүнөттөн кийин алууга болот (өндүрүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык);
Жакында Кыргыз Республикасынын дарыканаларында шилекей аркылуу АИВди өз алдынча текшерүү үчүн ыкчам-тесттер сатыла баштайт.
Эгерде АИВге тесттин жыйынтыгы оң болуп чыкса, анда аны «КИЖС» борборлорунун лабораториясында милдеттүү түрдө тастыктоо зарыл.
АИВге канды саламаттык сактоо уюмдарында («КИЖС» борборлорунда, ҮМБларда, стационарларда) тапшырууга болот, ал эми изилдөө «КИЖС» борборлорунда жана аймактык ооруканалардын базасында жайгашкан АИВ диагностикалык лабораторияларында жүргүзүлөт. АИВ инфекциясын диагностикалоо боюнча бардык лабораториялар керектүү жабдуулар менен жабдылган жана изилдөөлөрдүн сапатына кепилдик берген тышкы сапатты баалоонун Улуттук программасына катышат. Сиз ошондой эле төмөнкү жерлерден АИВге ыкчам тесттен өтө аласыз:
Ошондой эле жакында дарыканаларда шилекей аркылуу АИВди өз алдынча текшерүү үчүн ыкчам-тесттер сатыла баштайт.
АИВге тест тапшырууда тестке чейин жана андан кийин консультация берилет. Консультация маалында АИВ илдети, аны жуктуруп алуу жолдору жана алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат берилет, адистер бейтапты АИВ диагнозуна психологиялык жактан даярдайт, бейтаптын медициналык кызматкерлер менен тил табышуусуна жардам берет жана АИВ диагнозу тастыкталбаган учурда да илдетти жуктуруп алуу ыктымалдуулугу, андан ары жайылтуу тобокелдиги тууралуу билип алуу зарыл болот.
Ушул тапта натыйжалуу антиретровирустук дары-дармектер жеткиликтүү, алардын жардамы менен АИВге чалдыккан адам узак жана дени сак өмүр сүрө алат. АИВге чалдыккандар жашаган жери боюнча «КИЖС» борборлорунан же ҮМБдан бардык керектүү жардамды ала алышат.
Тесттин терс жыйынтыгы анализ тапшырып жаткан маалда канда АИВге каршы антителолор табылган жок дегенди билдирет. АИВди жуктуруп алуу ыктымалдуулугу тууралуу маалыматтарды алып, илдетти жуктуруп алуу коркунучу бар кырдаалдардан алыс болуңуз.
Бирок, эгерде адам АИВге тест тапшырып жаткан маалда “терезе” мезгилинде болсо, анда тестти 2-4 жумадан кийин кайталап тапшыруу сунушталат, ал эми кайра тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча, АИВди башка адамга жугузуп алышы ыктымал болгон жагдайлардан качышы керек.
Көрсөтүлгөн кызматтын түрлөрү боюнча толук маалымат алуу үчүн “Байланыштар”, “Биз тууралуу” бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн уюмдарга түз кайрылыңыз.
Жалпы калк үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн түрлөрү жана алардын наркы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн “Анализдер жана баалар” бөлүмүн караңыз.
– Паспорт;
– 18 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
– Аскердик билет же аскер кызматкеринин күбөлүгү;
– Паспорт жок болгон учурда Ички иштер министрлигинин №1 формасы;
– Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн паспорттун көчүрмөсү
– 14 жашка толо элек балдар;
– Кыргыз Республикасынын пенсионерлери жана аларга теңештирилген адамдар;
– Кош бойлуу аялдар
Бөлүмдүн иш графиги:
Күн сайын саат 8.30дан 12.00гө чейин – кан алынат.
Жыйынтыктар кийинки иш күнү саат 14.00дөн 16.00гө чейин берилет.
Дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору – өлкөдө АИВ илдетин аныктоо, дарылоо жана анын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын толук комплексин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм