Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

Адам өзүн АИВден кантип коргой алат?

Бир жыныстык өнөктөш менен туруктуу болуу.

Эркек же аял презервативин туура колдонуу.

Эркектердин сүннөткө отургузулушу эркектин аялдардан АИВди жуктуруп алуу тобокелдигин азайтат.

АИВ менен оорубаган адамдар үчүн ба йланышка чейинки профилактика (БЧП) (төмөн жактан караңыз).

Эгерде өнөктөштөрдүн бири АИВ менен жашап, бирок натыйжалуу дарылануудан өтүп жатса (антиретровирустук терапия алса), анда оорубаган адамга АИВди жуктуруу ыктымалдуулугу өтө төмөн болот.

Эгерде сиз ийне аркылуу маңзат колдонсоңуз:

Маңзат даярдоо үчүн ийнени, сууну же жабдууларды кайра колдонбоңуз же башка адам менен бөлүшпөңүз.

Ар дайым жаңы бир жолу колдонулуучу ийнени жана шприцтерди пайдаланыңыз.

АИВге чалдыккан энеден балага вирус кош бойлуулук жана төрөт учурунда, ошондой эле төрөттөн кийин эмчек эмизген маалда жугушу мүмкүн.

Кош бойлуулук жана төрөт учурундагы натыйжалуу антиретровирустук терапия, ошондой эле наристени эмчек сүтүн алмаштыруучу заттар менен тамактандыруу АИВдин энеден балага жугуу коркунучун 5 пайызга чейин азайта алат.

АИВ илдетинин байланышка чейинки профилактикасы деген эмне?

АИВге чалдыккан энеден балага вирус кош бойлуулук жана төрөт учурунда, ошондой эле төрөттөн кийин эмчек эмизген маалда жугушу мүмкүн.

Кош бойлуулук жана төрөт учурундагы натыйжалуу антиретровирустук терапия, ошондой эле наристени эмчек сүтүн алмаштыруучу заттар менен тамактандыруу АИВдин энеден балага жугуу коркунучун 5 пайызга чейин азайта алат.

01.

Дары-дармектерди жыныстык катнашка чейин 72 сааттын ичинде иче башташ керек.

02.

Дары-дармекти 28 күн бою күн сайын ичип туруу зарыл.

АИВ илдетинин байланышка чейинки профилактикасы деген эмне?

Байланышка чейинки профилактика (БЧП) – АИВ жуктуруп алуу тобокелдиги жаралган учурда антиретровирустук дары-дармектерди ичүү (мисалы, АИВге чалдыккан адам менен жыныстык катнашка бараардын алдында).

01.

Дары-дармектерди күн сайын, АИВ илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар мезгил аралыгында ичип туруш керек.

02.

БЧП «КИЖС» борборлорунда жана ҮМБда акысыз берилет.

МЕДИЦИНАЛЫК УЮМДАРДА АИВди ЖУКТУРУП АЛУУ МҮМКҮНБҮ?

Медициналык кызматкерлер универсалдуу чараларды колдонушу керек, мисалы:

Учтуу буюмдарга (ийнелер, скальпель ж. б.) кылдат мамиле жасап, аларды эреже боюнча жок кылышы керек.

Кан жана организмдеги башка биологиялык суюктуктар менен түз байланыш болгондо колкап, халат, фартук, беткап жана көз айнек сыяктуу коргоочу жабдууларды колдонуу зарыл.

Аспаптарды жана башка булганган жабдууларды дезинфекциялап туруу зарыл.

Ар кайсы процедуранын алдында жана андан кийин колду самындап жууш керек.

Жалпы сактык чараларын сактаган учурда медициналык уюмдарда АИВ илдетин жуктуруп алуу мүмкүн эмес!

Бул кызмат көрсөтүүлөр толугу менен же жарым-жартылай «КИЖС» борборлорунда, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ), ошондой эле АИВге каршы кызмат көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдарда жеткиликтүү.

Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй профилактикалык кызмат көрсөтүүлөр бар: