«Өмүр бою дарылануу жана 4 миң сом». Дарыгерлердин шалаакылыгынан АИВ жуктуруп алган эне-балдардын окуялары

Зулфия* 11 жаштагы уулу менен кезектеги дарыгердин текшерүүсүнөн кайтып келе жатат. Ал биз менен адам жок жерде жолугушууга макул болду. Анткени, эне-бала адамдардын үңүлүп карашын анчейин жактыра бербейт. Айлананы карап, эч ким жок болгонун көргөн соң өз окуясын айтып берүүгө киришти. Бирок ал аты-жөнүн өзгөртүү жана жүзүн тасмага тартпоо шартын койду.

2006-жылы Зулфия үчүнчү баласы боюна бүткөнүн билген. Анын айтымында, кош бойлуулук мезгили эч кандай кыйынчылыгы жок өткөн. Ал эми октябрда көз жарып, дени сак балалуу болгон. Үч айлыгында анын грыжасы бар экендиги аныкталып, Ноокат райондук ооруканасына жаткырылат. Ооруну айыктыруу үчүн уулуна операция жасалат.

Эки айдан соң эне-бала кайрадан ооруканага жаткырылып, бул жолкусунда баланын ысытмасы жогору болуп түшөт. Дарыгерлер ага диагноз коё албай кыйынчылык тартышат. Кургак учук менен сарык оорусуна карата алынган анализ аталган оорулар бар экендигин тастыктабайт.

«Баланын ысытмасы такыр түшпөй койгондо дарыгерлер бир оору калды, баланы ошого текшериш керек дешти. Бирок кайсы ооруга экенин так айтышкан жок. Анализди алып кетишип, үч күн күтө турууну айтышты. Кийин алар уулум ВИЧ илдетине чалдыккан дешти», — деп эскерет эне ошол күндү.

Ал кезде Зулфиянын жолдошу Орусияда иштеп жаткан экен. Бирок врачтар анын кичи мекенине кайтып келүүсүн талап кылышкан. Андан кийин АИВге анализ ата-энеден жана башка балдарынан алынган — алардын баары таза чыгышкан.

«Ошол маалда үйүбүзгө күн алыс дарыгерлер келип турушту. Кайсыл жерде даарыланган элеңер деп баары сурап кетип жатышты. Мен аларга бардык ооруканаларды санап бердим. Ошентип Ноокат районундагы балдардын баарын текшерүү башталды», — деди ал.

Зулфия АИВге кабылган уулун эмизгенди уланта берген. Анын мындай жол менен өзү да аталган дартка кабылышы мүмкүн экендигин врачтар айтышкан эмес. 2008-жылы энеге да АИВ деген диагноз коюлган.

Ал мектепте 12 жылдай мугалим болуп иштеген. Сүйүктүү кесибине кайтып баруу оюна да келбейт. Анын жалгыз гана кыялы бар — бул уулунун өмүр бою керектүү дары-дармек менен камсыз болушу.

Анткени, анын үй-бүлөсүндө жолдошу гана акча табат. Алардын менчик турак жайы да жок, ошондуктан кайын журту менен жашоого туура келет. Мамлекет бала үчүн ай сайын 4 миң сом жөлөк пул берет. Ал эми энеге дары-дармек гана бөлүнөт.

«Энелерди жыныстык катнаш аркылуу жуктурган деп катташкан»

Балдарынан АИВ жуктурган энелерди кагаз түрүндө дарыгерлердин шалаакылыгынан эмес, жыныстык катнаш же башка жолдор аркылуу жуктурушкан деп катташкан. Бул тууралуу аялдарга 2012-жылдары маалым болот.

«Клооптун» журналисттери балдарынан АИВ жуктурган дагы жети аял менен жолугушту. Алардын бирөө Уулкан, ал баласынын илдети туурасында 2008-жылы билген, ал эми өзүнө 2012-жылы диагноз коюлган.

«2018-жылы апрель айында мени жыныстык катнаш аркылуу жуктурган деп, андан кийин балага жуккан деп каттап коюшуптур. Эртең ошол балам каттоону көрүп, “апа, ушундан көрө мени төрөбөй эле койбойсуңбу?”, “ушундан көрө өлүп калганым жакшы” деп өз өмүрүнө кол салса мен эмне кылам?» — деп кейиди ал.

Күн сайын дары-дармек ичүү, ай сайын анализ тапшыруу жана жылына эки ирет ооруканада жатып дарыланып чыгуу — бул дарыгерлердин катачылыгынан улам АИВ жуктурган балдар менен энелердин учурдагы жашоосу.

«Бир да дарыгер балаңды эмизбе деп айткан эмес»

Зиоданын* тынч жашоосу 2006-жылы экинчи уулу бир жашка чыкканда өзгөргөн. Кичинекей уулу кокустан жыгылып кетип райондук ооруканага жатып калат. Андан соң, оорусу айыкпай облуска которулат. Кийинчерээк эне баласына АИВ илдети жукканын билет.

«Мени, тун уулумду, күйөөмдү текшерди баары жакшы чыкты. АИВ бир гана экинчи уулумдан чыгып жатты. Ооруканага жатканымда байкашымча бир эле ийнени бир нече балага сайышчу. Мен балама ушундай жол менен эле жукту деп күмөн кыла берем», — деп ыйлайт эне.

Алты айдан кийин баласында пайда болгон белгилер энеде да байкалат. Ошентип, Зиода АИВга чалдыкканын түшүнөт. «Эмне кылышты билбей калдым. Эми гана дары ичип, тагдырга баш ийип олтурам».

Ал АИВ өзүнө эмизүү аркылуу жуккан деп эсептейт. Анткени оорукчан баласы ыйлаганда аны сооротуу үчүн эмизип турган экен.

«Бир да дарыгер мага балаңды эмизбе деп айткан эмес. Тескерисинче, “ыйлап жатат, ооруп жатат, эмиз” дешчү. Балким убагында бизге туура маалымат беришкенде жуктуруп албайт белек», — деп үшкүрүнөт ал.

«Сот врачтарды актады, энелер күнөөкөр болуп калдык»

2006-жылдан тарта АИВ жуктурган балдардын ата-энелери укук коргоо органдарына, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президенттерге бир канча жолу кайрылышкан. Алар 139 баланын жана алардын апаларынын АИВ жуктурушуна себепкерлерди жазага тартуу боюнча талаптарды коюшкан.

Жабырлануучулардын айтымында, аталган факт боюнча териштирүү иштери алты жылга созулган, бирок райондук, облустук жана Жогорку сот дагы күнөлүүлөрдү жазасыз калтырган. Алардын соттун чечимине карата билдирген даттануулары жоопсуз калганын айтышат.

Балдарга 4 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пул алар 18 жашка чыкканга чейин гана берилет. Чоңойгондо апалары туш болгон жагымсыз окуялар жана кемсинтүүлөр буларды дагы күтүп турат.

«Сот врачтарды актады, энелер күнөөкөр болуп калдык. Биринчи сотто 11 энеге 50 миң сомдон, экинчи сотто 17 энеге 100 миң сомдон компенсация берилди. Калгандарыбыз кала бердик», — деп айтышат жабырлануучулар.

«Кылмыштын мөөнөтү эскирген»

Ош облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун айтымында, 2011-жылы Ноокат райондук соту балдардын жана энелердин массалык түрдө АИВ жуктурушу боюнча ишти карап чыккан.

Сот беш медициналык кызматкерди «Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашынын кесепетинен АИВ илдетин башка адамга жугузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жазык иши өндүрүштөн кыскартылып, айыпталуучулар жоопкерчиликтен бошотулушкан.

Аталган чечимди ата-энелер облустук соттон баштап Жогорку сотко чейин даттанышканына карабастан, райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылган.

«Моралдык компенсация талап кылуу үчүн жабырлануучулар жарандык тартипте сотко арыз менен кайрылуулары керек», — дейт Осмонкулов.

«Ал убакта “одноразовый” ийнелер аз болгон»

Ал эми Саламататтык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Элнура Боронбаева аталган окуя дарыгерлердин шалаакылыгынан болгонун ырастайт. Ал 2006-2007-жылдары ресурстардын жетишпегендигинен улам жана бир жолу колдонулуп ыргытылуучу ийнелер тартыш болгондуктан, балдарга АИВ массалык түрдө жукканын айтат.

«Ошол убакта кризис болсо керек эле. Ийнелер көп колдонулуучу түрүнөн (многоразовый) эле. Ал убакта бир колдонулуп ыргытылуучу каражаттар (одноразовый) аз болгон. Канды куюштуруудагы ийне, катетер дагы көп колдонулуучу каражат болгон, бир ийнени эки адамга сайган учур да болгон экен. Ушулардан жуккан тилекке каршы», — деп түшүндүрөт Боронбаева.

Ал кошумчалагандай, облустук СПИД борборунда 377 бала АИВ менен каттоодо турса, анын дээлдик жарымы Ноокаттан.

«Өз дартын билген балдар түнт болуп кетишет»

Ноокат районундагы энелер 12 жыл мурунку жашоолоруна бүлүк салган күндөн баштап өз-ара түзгөн мамилени үзбөй келишет. Алар ай сайын жолугуп, балдарынын келечектери жөнүндө ой калчап, кайгыларын бөлүшүп жеңилдешет.

Бүгүн да алар, биз менен жолукканча чогулушкан. Бирок эмнегедир адамдар аз жүргөн, далдоо жерде олтурушат. Ары-бери өткөн адамдардын көңүл бурдурууну каалашпайт. Анткени алардын АИВ илдети менен ооруганын айрымдарынын жакындары гана билсе, кээ бирлеринин диагнозун өздөрүнөн башка эч ким билбейт.

Эне-баланын дартын билип калган кошуналар алар менен болгон мамилелерин үзүшөт. Мындайда алардын үй-бүлөлөрү менен эч ким учурашпайт, буюм-тайымдарын сурап келишпейт. АИВга чалдыккандар тагдырга айласыз баш ийип, жашырынып жашоого мажбур болушат.

Өз дартын билген балдар досторунан оолактап, түнт болуп кетишет. Мурдагыдай короого чыгып ойношпойт, мектептен үйгө түз келишет.

«Ар бир жабырлануучуга 100 миң сомдон компенсация»

Ата-энелер мамлекеттен аларды турак жай менен камсыздоону жана балдарына жөлөк пулду өмүр бою берүүнү талап кылышууда. Мындан сырткары, күнөөлү дарыгерлерди жоопко тартылышын да күтүп келишет.

Буткүл өлкө боюнча 2018-жылы АИВ менен 645 бала катталган. Алардын тең жарымы вирусту 2006-2008-жылдары ооруканадан жуктургандар.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан АИВ жуктургандарга бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштоодо. Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда.

X