Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

Жыл сайын Кыргызстанда жүздөгөн адамдар өзүнүн АИВ-статусу позитивдүү болгонун билишет. Бирок, тилекке каршы, алардын бардыгы эле өз убагында дарыланып, мындай диагноз менен да карылыкка чейин жашай аларын биле беришпейт.

Бул материалда биз АИВ-инфекциясы бар бейтаптын чыныгы окуясын айтып беребиз. Бул аял башынан көп нерселереди өткөрдү: ажырашуу, оорунун диагнозу, коркуу жана оору. Бирок бул оор сыноолордун аягында аны “Happy end” күтүп турду – сүйгөн адамы менен баш кошуп, дени сак балалуу болду.

“Биринчи эле оюм – мен жакында өлөт турбаймынбы…”

Айжамал (аты өзгөртүлдү) өзүнүн АИВ статусу тууралуу кокустан эле, 2006-жылы кесиптештери менен пландуу медициналык кароодон өтүп жатканда билип калган. Мунун алдында бир жыл мурда аял күйөөсү менен ажырашып кеткен эле.

“Жолдошум дайыма эле көзүмө чөп салып, муну өзгөчө деле жашырчу эмес. Экөөбүз тең жаш элек. Мен аны менен көпкө жашай албастыгымды түшүндүм”, – деди Айжамал ажырашуу себептерин айтып берип жатып.

Ажырашкандан кийин көп убакыт өтпөй, Айжамал кош бойлуу экендигин билип калат. Бирок Айжамал бойдон алдырууну чечип, бир жылдан кийин анализдерди тапшырып, АИВ статусу оң чыкканын билет.

“Вирус диагнозу коюлат деп ойлогон да эмесмин, анткени буга чейин эч кандай белгилери болгон эмес да, – деп эскерет Айжамал. – Аборт себеп болду бекен, же күйөөм жуктурдубу – муну мен дагы деле түшүнбөйм. Биринчи эле оюм – мен жакында өлөт турбаймынбы. Мен калчылдап-титиреп, кармана албай отурдум. Балким, бул шок болду окшойт”, – деди маектешибиз.

АИВ ээ-жаа бербей, башкарылбай калды. Эмне үчүн?

КИЖСке чалдыккандарга медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн эл аралык ассоциациясынын статистикасына ылайык, жыныстык катнашта АИВ аялдан эркекке караганда эркектен аялга көбүрөөк жана оңой жугат.

Республикалык КИЖС борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда АИВ-илдетин жыныстык жол менен жуктуруп алгандар көбөйүп жатат. Бир нече жыл мурун АИВди ийне аркылуу жуктуруп алгандардын үлүшү кыйла жогору болчу.

Бирок жылдан жылга бул көрсөткүч азайып, ооруну жыныстык жол менен жуктурган адамдар көбөйүүдө. Бул болсо оорунун жайылышын көзөмөлдөө ишин кыйындатат.

Республикалык КИЖС борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов мындай тенденция улана берсе, эң натыйжалуу алдын алуу – коомчулуктун маалымдуулугу болуп саналат деп түшүндүрөт. Ал кыргызстандыктарды сөзсүз түрдө АИВге тест тапшырып, өз статусун билип алууга чакырат.

“Бул инфекцияны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калды. Бул жерде ар бир жарандын жоопкерчилиги керек. Убагында текшерүүдөн өтүп, эгерде зарыл болсо өз маалында дарыланыш керек”, – деп айтты Бекболотов.

Сүйүү АИВден күчтүү

Айжамал күйөөсү менен ажырашып, АИВ-статусун билгенден кийин көпкө чейин депрессиялык абалда болгонун айтып берди.

“Мен эми эч ким керегим жок” деген ой мени кыйнап жүрдү. Бактылуу болуу, турмушка чыгуу жана балалуу болуу жөнүндө сөз да болмок эмес, – дейт аял. -Дарыгерлер мени сооротуп, жалгыз болбогонумду, сөзсүз түрдө жашай турганымды айтышчу”.

Аялды жакшы досу колдогону да маанилүү болду: Айжамал АИВ статусу бар адамдарга колдоо көрсөткөн өкмөттүк эмес уюмга жумушка орношкон. Ушунун аркасында ал АИВ жөнүндө көп маалыматтарды билип, дарыланууга киришти. Ошондой күндөрдүн биринде ал болочок жолдошу менен таанышты. Ал эркек Айжамалдын колун сураганда,  ал өзү жөнүндө болгон чындыкты айтып берип, болочок жолдошу оору жөнүндө көбүрөөк маалымат алышы үчүн аны Республикалык КИЖС борборуна алып келген. Айжамалды таң калтырганы – эркек сунушунан баш тарткан жок…

Көп өтпөй түгөйлөр дени сак кыздуу болушту. Бүгүн Айжамал жолдошу жана кызы менен жашоонун жыргалын көрүп жашашууда. Күн сайын ичкен бир дары ага иммунитетти сактоого жардам берет. Аял күн сайын уктаар алдында дары ичүүнү унутпайт.

Эң негизгиси – создуктуруп жибербеш керек…

Терапиядан өтүп жаткан бейтаптар инфекцияны корголбогон жыныстык катнаш болгондо да жуктурушпайт. Алардан дени сак балдар төрөлөт. Мындайга дарылоонун заманбап ыкмаларынын аркасында жетүү мүмкүн болду, – ушинтип каарманыбыздын окуясын адистер да тастыкташты.

“Дарылануунун шарттарын сактаса, Айжамал карылыкка чейин жашайт. Антиретровирустук терапияны алган адамдардын жашоосунун сапаты жана узактыгы чектелүү болбойт. Алар да башкалардай карыганга чейин узак өмүр сүрүшөт”, – деп айтты Айбек Бекболотов.

Анын айтымында, АИВ-илдетин жуктуруп алган адамдар көпкө чейин өзүнүн статусу жөнүндө билбей жүрө бериши мүмкүн, анткени башында вирустун эч кандай белгилери байкалбайт.

“Айрым учурларда АИВ-илдети бар адамдар баштапкы стадияда дени сак адамдарга караганда өзүн жакшы сезип, дарылануунун кажети жок деп жаңылыш ойлошот. Бирок бара-бара ооруну жуктуруп алган адамдын организми алсырайт. Ал өлүмдүн илебин сезе баштаганда гана дарыгерлерге кайрылат”,-дейт адис.

Ал кошумчалагандай, 45% учурда бейтаптар КИЖСтин стадиясына жетип калганда гана борборго кайрылышат. Мындай учурда организмди калыбына келтирип, колдоп туруу бир топ кыйын болуп калат. Андыктан вирус аныкталганда дарыланууну токтоосуз баштоо максатка ылайыктуу болот.

АИВден өлгөндөрдүн 80 пайызын сактап калуу мүмкүн эле

“Тилекке каршы, көптөгөн адамдар ооруну көрмөксөнгө салып жүрүп, бизге акыркы баскычында – КИЖСтин стадиясында келе башташат. Мындай учурда иммундук системаны калыбына келтирүү абдан оор. Өз убагында терапия жүргүзүлгөндө, биз каза болгондордун 80 пайызынын өмүрүн сактап калмакпыз”, – дейт Айбек Бекболотов.

Расмий статистикага ылайык, ушул жылдын май айынын башында республика боюнча АИВ-инфекциясы бар 10 342 адам катталган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандары – 10 059, чет өлкөлүктөр – 583. Вирус жайыла баштаган мезгилден бери Кыргызстанда 2277 адам каза болгон.