Дарек: Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Суроолор боюнча: +996 (312) 30 07 53

Суроолор боюнча:

+996 (312) 30 07 53

Дарек:

Бишкек ш., Логвиненко көч. 8

Дш - Жм:

8:30 - 16:45

Жыл сайын Кыргызстанда жүздөгөн адамдар өзүнүн ВИЧ-статусу позитивдүү болгонун билишет. Бирок, тилекке каршы, алардын бардыгы эле өз убагында дарыланып, мындай диагноз менен да карылыкка чейин жашай аларын биле беришпейт.

Бул материалда биз ВИЧ-инфекциясы бар бейтаптын чыныгы окуясын айтып беребиз. Бул аял башынан көп нерселереди өткөрдү: ажырашуу, оорунун диагнозу, коркуу жана оору. Бирок бул оор сыноолордун аягында аны “Happy end” күтүп турду – сүйгөн адамы менен баш кошуп, дени сак балалуу болду.

 

“Биринчи эле оюм – мен жакында өлөт турбаймынбы…”

Айжамал (аты өзгөртүлдү) өзүнүн ВИЧ статусу тууралуу кокустан эле, 2006-жылы кесиптештери менен пландуу медициналык кароодон өтүп жатканда билип калган. Мунун алдында бир жыл мурда аял күйөөсү менен ажырашып кеткен эле.

“Жолдошум дайыма эле көзүмө чөп салып, муну өзгөчө деле жашырчу эмес. Экөөбүз тең жаш элек. Мен аны менен көпкө жашай албастыгымды түшүндүм”, – деди Айжамал ажырашуу себептерин айтып берип жатып.

Ажырашкандан кийин көп убакыт өтпөй, Айжамал кош бойлуу экендигин билип калат. Бирок Айжамал бойдон алдырууну чечип, бир жылдан кийин анализдерди тапшырып, ВИЧ статусу оң чыкканын билет.

“Вирус диагнозу коюлат деп ойлогон да эмесмин, анткени буга чейин эч кандай белгилери болгон эмес да, – деп эскерет Айжамал. – Аборт себеп болду бекен, же күйөөм жуктурдубу – муну мен дагы деле түшүнбөйм. Биринчи эле оюм – мен жакында өлөт турбаймынбы. Мен калчылдап-титиреп, кармана албай отурдум. Балким, бул шок болду окшойт”, – деди маектешибиз.

 

ВИЧ ээ-жаа бербей, башкарылбай калды. Эмне үчүн?

СПИДге чалдыккандарга медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн эл аралык ассоциациясынын статистикасына ылайык, жыныстык катнашта ВИЧ аялдан эркекке караганда эркектен аялга көбүрөөк жана оңой жугат.

Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда ВИЧ-илдетин жыныстык жол менен жуктуруп алгандар көбөйүп жатат. Бир нече жыл мурун ВИЧти ийне аркылуу жуктуруп алгандардын үлүшү кыйла жогору болчу.

Бирок жылдан жылга бул көрсөткүч азайып, ооруну жыныстык жол менен жуктурган адамдар көбөйүүдө. Бул болсо оорунун жайылышын көзөмөлдөө ишин кыйындатат.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов мындай тенденция улана берсе, эң натыйжалуу алдын алуу – коомчулуктун маалымдуулугу болуп саналат деп түшүндүрөт. Ал кыргызстандыктарды сөзсүз түрдө ВИЧке тест тапшырып, өз статусун билип алууга чакырат.

“Бул инфекцияны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калды. Бул жерде ар бир жарандын жоопкерчилиги керек. Убагында текшерүүдөн өтүп, эгерде зарыл болсо өз маалында дарыланыш керек”, – деп айтты Бекболотов.

Сүйүү ВИЧтен күчтүү

Айжамал күйөөсү менен ажырашып, ВИЧ-статусун билгенден кийин көпкө чейин депрессиялык абалда болгонун айтып берди.

“Мен эми эч ким керегим жок” деген ой мени кыйнап жүрдү. Бактылуу болуу, турмушка чыгуу жана балалуу болуу жөнүндө сөз да болмок эмес, – дейт аял. -Дарыгерлер мени сооротуп, жалгыз болбогонумду, сөзсүз түрдө жашай турганымды айтышчу”.

Аялды жакшы досу колдогону да маанилүү болду: Айжамал ВИЧ статусу бар адамдарга колдоо көрсөткөн өкмөттүк эмес уюмга жумушка орношкон. Ушунун аркасында ал ВИЧ жөнүндө көп маалыматтарды билип, дарыланууга киришти. Ошондой күндөрдүн биринде ал болочок жолдошу менен таанышты. Ал эркек Айжамалдын колун сураганда,  ал өзү жөнүндө болгон чындыкты айтып берип, болочок жолдошу оору жөнүндө көбүрөөк маалымат алышы үчүн аны Республикалык СПИД борборуна алып келген. Айжамалды таң калтырганы – эркек сунушунан баш тарткан жок…

Көп өтпөй түгөйлөр дени сак кыздуу болушту. Бүгүн Айжамал жолдошу жана кызы менен жашоонун жыргалын көрүп жашашууда. Күн сайын ичкен бир дары ага иммунитетти сактоого жардам берет. Аял күн сайын уктаар алдында дары ичүүнү унутпайт.

Эң негизгиси – создуктуруп жибербеш керек…

Терапиядан өтүп жаткан бейтаптар инфекцияны корголбогон жыныстык катнаш болгондо да жуктурушпайт. Алардан дени сак балдар төрөлөт. Мындайга дарылоонун заманбап ыкмаларынын аркасында жетүү мүмкүн болду, – ушинтип каарманыбыздын окуясын адистер да тастыкташты.

“Дарылануунун шарттарын сактаса, Айжамал карылыкка чейин жашайт. Антиретровирустук терапияны алган адамдардын жашоосунун сапаты жана узактыгы чектелүү болбойт. Алар да башкалардай карыганга чейин узак өмүр сүрүшөт”, – деп айтты Айбек Бекболотов.

Анын айтымында, ВИЧ-илдетин жуктуруп алган адамдар көпкө чейин өзүнүн статусу жөнүндө билбей жүрө бериши мүмкүн, анткени башында вирустун эч кандай белгилери байкалбайт.

“Айрым учурларда ВИЧ-илдети бар адамдар баштапкы стадияда дени сак адамдарга караганда өзүн жакшы сезип, дарылануунун кажети жок деп жаңылыш ойлошот. Бирок бара-бара ооруну жуктуруп алган адамдын организми алсырайт. Ал өлүмдүн илебин сезе баштаганда гана дарыгерлерге кайрылат”,-дейт адис.

Ал кошумчалагандай, 45% учурда бейтаптар СПИДдин стадиясына жетип калганда гана борборго кайрылышат. Мындай учурда организмди калыбына келтирип, колдоп туруу бир топ кыйын болуп калат. Андыктан вирус аныкталганда дарыланууну токтоосуз баштоо максатка ылайыктуу болот.

ВИЧтен өлгөндөрдүн 80 пайызын сактап калуу мүмкүн эле

“Тилекке каршы, көптөгөн адамдар ооруну көрмөксөнгө салып жүрүп, бизге акыркы баскычында – СПИДдин стадиясында келе башташат. Мындай учурда иммундук системаны калыбына келтирүү абдан оор. Өз убагында терапия жүргүзүлгөндө, биз каза болгондордун 80 пайызынын өмүрүн сактап калмакпыз”, – дейт Айбек Бекболотов.

Расмий статистикага ылайык, ушул жылдын май айынын башында республика боюнча ВИЧ-инфекциясы бар 10 342 адам катталган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандары – 10 059, чет өлкөлүктөр – 583. Вирус жайыла баштаган мезгилден бери Кыргызстанда 2277 адам каза болгон.

Расмий эмес статистикага келсек, ага ылайык, ВИЧтен каза болгондордун саны дагы 400 адамга көбүрөөк, башкача айтканда, 2 679 адам болду.

Адистер белгилегендей, ВИЧтен каза болгон адамдардын басымдуу бөлүгү калктын өзөктүк топторуна, түздөн-түз БИКА тобуна (баңгизатты ийне аркылуу колдонгон адамдар) киришет. Эреже боюнча, алардын көпчүлүгү туугандары менен байланышты үзүп койгон, документтери да, туруктуу жашаган жери да жок. Ошондуктан алар өлгөндө расмий статистикага кирбей калышат. Ошондой эле каза болгондордун арасында ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алганын моюнуна албагандар да бар, ал эми туугандары маркумдун өлгөнү жөнүндө маалымкатына таптакыр башка себепти жазып коюшат.

Бирок бүгүнкү күндө ВИЧ өлүмгө алып келбейт

Антиретровирустук дарылардын жардамы менен ВИЧ-инфекциясы өлүмгө алып баруучу оорудан өнөкөт оорулардын категориясына өткөн. Эгерде аны өз убагында аныктап, көзөмөлгө алса, анда адамдын өмүрүнө коркунуч туудурбайт.

“Ошондуктан, ВИЧке убагында текшерүүдөн өтүп, статусу оң чыкса, тез арада дарылануу өтө маанилүү. Эл аралык уюмдардагы өнөктөштөрдүн колдоосу менен, Республикалык СПИД борборунда жана облустук борборлордо дарылануу жана купуя түрдө тесттен өтүү акысыз.

Дагы бир уюм – “Өнөктөштөр тармагы” Ассоциациясы 11 жылдан бери ВИЧке чалдыккан адамдардын укугун коргоп келет. Анын башчысы Айбар Султангазиев адамдарды кан менен бир аз байланышта болгондо эле анализ тапшырууга үндөйт.

“Бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган адамдарга карата мамиле жакшы жагына өзгөрдү. Бул бир нече жыл мурдагыдай кабыл алынбай калды. ВИЧ коркунучтуу эмес, аны дарыласа болот. Эгерде кан менен байланыш болсо, бир аз гана шек туудурган жыныстык катнаш болсо, консультация алуу үчүн дарыгерге кайрылуу керек”, – деп эскертет ал.

ӨЗ СТАТУСУҢУЗДУ БИЛИП АЛЫҢЫЗ

ТЕКШЕРИЛИҢИЗ

РЕСПУБЛИКАЛЫК СПИД БОРБОРУ