Бир жыныстык өнөктөш менен туруктуу болуу.
Эркек же аял презервативин туура колдонуу.
Эркектердин сүннөткө отургузулушу эркектин аялдардан АИВди жуктуруп алуу тобокелдигин азайтат.
АИВ менен оорубаган адамдар үчүн ба йланышка чейинки профилактика (БЧП) (төмөн жактан караңыз).
Эгерде өнөктөштөрдүн бири АИВ менен жашап, бирок натыйжалуу дарылануудан өтүп жатса (антиретровирустук терапия алса), анда оорубаган адамга АИВди жуктуруу ыктымалдуулугу өтө төмөн болот.
АИВге чалдыккан энеден балага вирус кош бойлуулук жана төрөт учурунда, ошондой эле төрөттөн кийин эмчек эмизген маалда жугушу мүмкүн.
Кош бойлуулук жана төрөт учурундагы натыйжалуу антиретровирустук терапия, ошондой эле наристени эмчек сүтүн алмаштыруучу заттар менен тамактандыруу АИВдин энеден балага жугуу коркунучун 5 пайызга чейин азайта алат.

Дары-дармектерди жыныстык катнашка чейин 72 сааттын ичинде иче башташ керек.
Дары-дармекти 28 күн бою күн сайын ичип туруу зарыл.
Байланышка чейинки профилактика (БЧП) – АИВ жуктуруп алуу тобокелдиги жаралган учурда антиретровирустук дары-дармектерди ичүү (мисалы, АИВге чалдыккан адам менен жыныстык катнашка бараардын алдында).
Дары-дармектерди күн сайын, АИВ илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар мезгил аралыгында ичип туруш керек.
БЧП «КИЖС» борборлорунда жана ҮМБда акысыз берилет.
Медициналык кызматкерлер универсалдуу чараларды колдонушу керек, мисалы:
Жалпы сактык чараларын сактаган учурда медициналык уюмдарда АИВ илдетин жуктуруп алуу мүмкүн эмес!
Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй профилактикалык кызмат көрсөтүүлөр бар:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору – өлкөдө АИВ илдетин аныктоо, дарылоо жана анын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын толук комплексин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик уюм